Таза кандуу тукум менен жөнөкөй тукумдун ортосунан чыккан аргын (көбүнчө жылкы жөнүндө). Жыгып алдың, Атакан, Тоялынын чалышын (Токтогул). Чалыш жылкы.
Окшош, сыяктуу, сымак, кебетелеш, окшоштугу бар, ошондой белгилери, өзгөчөлүгү бар. Аргымак чалыш болсо дейм, Астыңдагы мингениң (Токтогул). Көйрөң чалыш кул экен, Көөсөр сымак уул экен («Эр Табылды»).